
Текшерүү учурунда финансылык дисциплинада бузуулар аныкталды.
Маалыматка ылайык, «кайсы бир тарбиячылар балдардын тамактануусу үчүн акчаларды жеке электрондук капчыктарына кабыл алышкан жана белгиленген нормалардан ашык сумма талап кылышкан. Мындан тышкары, мекеменин жетекчилиги жана чарба бөлүмүнүн башчысы бул практикадан кабардар болушкан, бирок аны токтотуу үчүн эч кандай чара көрүшпөгөн. Ошентип, мыйзамсыз акча чогултуу боюнча туруктуу схема түзүлгөн, бул кызматтык милдеттерди аткарбоо жана мыйзамды бузуу жөнүндө көрсөтүп турат», — деп айтылат расмий билдирүүдө.


Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча муниципалдык бийлик тиешелүү чараларды көрдү. Жыйналган бардык материалдар укук коргоо органдарына мыйзам боюнча чечим кабыл алуу үчүн өткөрүлдү.