Учурда уюмдун кызматкерлери жылыжайларда гүлдүн уруктарын себүү менен алектенишүүдө.








Болжолдорго ылайык, жылуу көктө 10-апрелге чейин Бишкекте болжол менен 230 миң тюльпан гүлдөй баштайт. Бул жандуу гүл композициялары салт боюнча коомдук орундарды кооздоп, борбордун тургундарына жана конокторуна майрамдык маанай тартуулайт.
Гүлдөрдү отургузуу жана өсүмдүктөргө кам көрүү процессу этап-этабы менен, бардык зарыл нормаларды сактоо менен жүргүзүлөт, бул гүлзарлардын декорациясын бардык сезон бойу сактоого мүмкүндүк берет.