Ярмаркалар бааларды кармап туруу, жардамга муктаж социалдык топторго жеткиликтүү тамак-аш продуктыларын берүү, ошондой эле ички өндүрүүчүлөргө жардам берүү жана ички рынокту бекемдөө максатын көздөйт.
Ар жекшемби күнү борбордо мэрия менен биргеликте азык-түлүк ярмаркалары өткөрүлөт, анда шаардыктарга базар баасынан төмөн баада товарлар сунушталат. Өткөрүүчү жай — Турдакун Усубалиевдин аянты, Абдумомунов көчөсүндө, Эркиндик бульвары менен Раззаков көчөсүнүн ортосунда жайгашкан.
Ярмаркаларга катышуу үчүн төмөнкү талаптар коюлат:
- продуктылар санитардык-гигиеналык стандарттарга жооп бериши жана сапаттуу болушу керек;
- баа саясаты базар баасынан төмөн болушу шарт;
- аймактык агрардык башкармалыктан растау катын алуу милдеттүү.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон номерлери боюнча байланышсаңыздар болот: 0312661422, 0702702000.