
Кеңештин маалымат кызматынын маалыматына ылайык, Конституциялык соттун бир бош орундугуна тогуз адам талапкер болгон. Документтердин баштапкы анализинин натыйжасында алты талапкер белгиленген критерийлерге жооп берип, тестирлөөгө өткөрүлгөн.
Алардын ичинен бир талапкер тестке келген жок, бирөө тесттен өтпөй калды, төртөө болсо компьютердик тестирлөөнү ийгиликтүү өтүштү.
Жогорку сот боюнча, эки бош орунга 12 талапкер катышкан. Баштапкы тандоодон кийин алардын ичинен бирөө гана тестирлөөгө өткөрүлүп, аны ийгиликтүү өттү.
Мындан тышкары, Жогорку соттун Кеңеши 16-марттан 18-мартка чейин жергиликтүү соттордогу 13 бош орун үчүн жарыяланган конкурстун алкагында компьютердик тестирлөө өткөрүлөрүн маалымдады.