12-мартка карата көпүрөнүн эки жагындагы эски металл тосмолор жана асфальт толугу менен демонтаждалды. Учурда жаңы темир-бетон балкалар орнотулду жана көпүрөнү кеңейтүү боюнча иштер активдүү уланууда.



Ошондой эле Жибек Жолу проспектине чейинки (0дөн 360 мге чейин) жол участкасында электр өткөргүчтөрдү жана байланыш линияларын жылдыруу, ошондой эле жер иштерин жүргүзүү уланууда.
Көпүрөнүн кеңейиши менен байланыштуу, Лебединовка - ГЭС-5 автожолунун (0дөн 360 мге чейин) участогу 15-февралдан тартып убактылуу жабык. Жол жүрүүсү 20-апрелге чейин калыбына келтирилет деп пландалууда.
Лебединовка - ГЭС-5 автожолунун узундугу 5,1 км. Учурдагы реконструкциянын алкагында жолдун категориясын өзгөртүү жана 2 жолду 4 жолго кеңейтүү каралган. Проектке көчө жарыгы, чоң көпүрөнүн эки жагында тротуарлар куруу жана жөө адамдар үчүн өзүнчө көпүрө куруу кирет. Иштер 2025-жылдын апрелинде башталды.