

Жолугушууда келечектеги курулушту камтыган жер тилкелеринин статусу аныкталды. Жалпысынан долбоор 64 объектти камтыйт. Башка тилкелер боюнча укук берүүчү документтерди даярдоо иштери дагы уланууда. Жолугушуунун катышуучулары 24-мартта мэрияда жер тилкелеринин ээлерине компенсация жана төлөмдөр боюнча маселелерди талкуулоо үчүн кайрадан жолугушуу өткөрүүнү макулдашты.
Транспорт жана жол-транспорт инфратүзүмүн өнүктүрүү департаменти, ошондой эле башка жооптуу кызматтар курулуш иштери учурунда транспорт каражаттары үчүн альтернативдүү маршруттарды уюштурууну карап чыгуу тапшырмасын алышты.
Мындан тышкары, Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына курулушту баштоого тоскоол болушу мүмкүн болгон объектилерди бузууну тездетүү тапшырмасы берилди.
Курулуш иштери 2026-жылдын апрель айында башталышы пландалууда.
Бул долбоор борбордун транспорттук инфратүзүмүн жакшыртууга багытталган, бул жолдордун өткөрүү жөндөмүн жогорулатууга жана бул аймактагы транспорт агымдарына жүктөмдү азайтууга мүмкүндүк берет.