Кыргызстанда быйыл 14 жаңы көпүрө курулду
Быйыл Кыргызстанда 14 жаңы көпүрө курулду. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана байланыш министринин орун басары Бекназар Базаралиев бул тууралуу Биринчи радиодо билдирди. Жаңы объектилердин арасында 30 метрлик көпүрө бар, ал алыскы Зардалы айылына алып барат. Мындан тышкары, бир нече көпүрөлөр табигый кырсыктардан, анын ичинде сел агымдарынан жабыркаган аймактарда курулган.