Ош облусунда жер титирөө катталды
07:04 4-ноябрда Ош облусунда магнитудасы 3 чамасында жер титирөө болду. Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту жер алдындагы соккулар катталганын тастыктады. Эпицентр Кыргызстандын аймагында, Алай тоо жотосунун аймагында, Кашка-Суу айылынан 20 чакырым түндүк-батышта, Кара-Отектен 28 чакырым түштүк-чыгышта жана Ош шаарынан 87 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.