Депутаттарга «Үмүт үйү» жана «Айданек» мекемелеринде карыялар менен балдардын кандай жашап жатканы көрсөтүлдү - фото репортаж
html «Милосердие» акциясынын алкагында Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева Жогорку Кеңештин депутаты Гульнара Акимбаева жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Айбек Дунканбаев үчүн социалдык мекемелер боюнча таанышуу экскурсиясын өткөрдү. Карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн «Үмүт үйү» стационардык мекемесине болгон сапарында депутаттар жашоо шарттарын жана камкордук уюштурууну изилдешти.