Заманава методдор - жогорку өндүрүмдүүлүк: фермерлер үчүн практикалык окутуу
17-февралдан 19-февралга чейин Кыргыз Республикасынын мал чарбачылыгы жана жайыттарды изилдөө институту KOPIA менен биргеликте Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат жана Кара-Кулжа райондорунда окутуучу семинарлардын сериясын уюштурду. Агроөнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча, бул семинарлардын максаты айыл чарба малдарын кармоо, рационалдуу азыктандыруу жана жасалма уруктоо боюнча иштеген фермерлер жана адистердин квалификациясын жогорулатуу болгон.