Келишимдин аткаруучусу долбоордук-сметалык документация менен иштөөнү баштагандыгы белгиленди.
Бул долбоордун максаты жабдууларды жаңылоо, өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана станциянын эксплуатация мөөнөтүн узартуу болуп саналат, деп айтылат расмий билдирүүдө.
Долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышы Лебединовская ГЭСтин натыйжалуулугун жана ишенимдүүлүгүн кыйла жакшыртууга алып келет, натыйжасында:
- орнотулган кубаттуулук 7,6 дан 10 МВт га чейин жогорулайт;
- жылдык электр энергиясын өндүрүү 37,2 млн дан 53,5 млн кВт·ч га чейин өсөт;
- гидроэлектростанциянын ишенимдүүлүгү жогорулатылат.





Лебединовская ГЭС Чүй облусундагы эң эрте иштеп жаткан гидроэлектростанциялардын бири болуп саналат. Анын курулушу 1942-жылдын майында Экинчи дүйнөлүк согуштун фонунда башталган.
Курулушту аяктоо үчүн жалпысынан бир жыл жана эки жума убакыт кетти. 1943-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) керектүү электр энергиясын алып, фронттун муктаждыктарын камсыздаган эвакуацияланган заводдорду ишке киргизүүгө жардам берди.