Бишкекте жоголгон Айлун Караколдон табылды
Ленин райондук Ички иштер башкармалыгы тарабынан берилген маалыматка ылайык, кыздын жайгашкан жери 2026-жылдын 18-февралында саат 19:30да оперативдик-издөө иш-чараларын өткөрүү учурунда аныкталган. Айлун 16-февралдан бери дайынсыз жоголгон, ал Бишкектеги И. Раззаков атындагы КГТУнун колледжине үйдөн чыгып кеткен жана кайра кайтып келген эмес.