Маданият мекемелеринин автопаркы 117 жаңы унаа менен толукталды - фотоотчет
html Кыргызстандын борбору Бишкекте, Т. Усубалиев атындагы аянтта 117 жаңы кызматтык унаа маданият мекемелерине, маданият министрлигине караштуу мекемелерге тапшырылган салтанат өттү. Иш-чарада өкмөт башчы Адылбек Касымалиев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана маданият тармагынын өкүлдөрү сыяктуу жогорку кызмат адамдары катышты.