Бишкекте «Нелегал» рейди учурунда милицияга 90дан ашык чет элдиктер жеткирилди
Бишкек шаардык милициясынын кызматкерлери «Нелегал» аттуу оперативдик иш-чараны улантууда, деп билдирди Бишкек Шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы. 12-февралда жүргүзүлгөн текшерүүнүн алкагында, Экстремизмге каршы күрөшүү жана мыйзамсыз миграция кызматынын кызматкерлери чет элдиктер иштеши мүмкүн болгон тигүү ишканаларын жана башка өндүрүш аянттарын текшеришти.