Кыргызстанда дээрлик 3,5 миң мамлекеттик кызматкер декларацияларды мыйзам бузуулар менен тапшырды
Генералдык прокуратура 2024-жылга мамлекеттик кызматкерлер жана муниципалдык кызматкерлер тарабынан Бирдиктүү салык декларациясын берүү нормаларынын сакталуусун текшерди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Текшерүүнүн натыйжасында 3 472 кызмат адамдары декларацияларды же тапшырышкан эмес, же кечиктирип тапшырган, же туура эмес маалыматтарды көрсөткөндүгү аныкталды.