Кыргызстанда медициналык кызматкерлер балдар жана өспүрүмдөргө биринчи жардам көрсөтүү боюнча жаңы стандарттарга ылайык окутуудан өтүүдө
19-22-ноябрь күндөрү Бишкекте балдар жана өспүрүмдөр үчүн биринчи медициналык-санитардык жардам боюнча улуттук тренерлер үчүн окутуу өтүүдө, деп билдирет Саламаттык сактоо министрлиги. Бул иш-чарага медициналык жогорку окуу жайларынын жана колледждердин 25 окутуучусу катышып, өсүү мониторинги, балдардын кеңири таралган ооруларынын алдын алуу жана дарылоо сыяктуу тармактарда квалификациясын жогорулатууда.