Кыргызстанда 7966 ОРВИ жана грипп учурлары катталды
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ОРВИ жана грипп боюнча учурдагы эпидемиологиялык кырдаал тууралуу маалыматтарды сунуштады. 16-ноябрга карата өлкөдө 7966 учур катталды, бул өткөн жумага салыштырганда 17,3%га көп. Жалпы ооругандардын 65,5%ы 14 жашка чейинки балдар, бул 5216 учурду түзөт. 679 бейтаптын ооруканага жаткырылышы талап кылынды.