Оштогу дарыкана каттоосуз жана лицензиясыз дары саткан
Ош шаарында мамлекеттик каттоодон өтпөгөн жана келип чыгышы менен сапатын тастыктаган зарыл документтери жок дары-дармек партиясы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. Рейд учурунда кызматкерлер жаран С.М.М. аттуу адам дарыканага мыйзамсыз сатуу үчүн дары-дармек жеткирип жатканын аныкташты. Бул дары-дармектер дарыканалар аркылуу мыйзамсыз пайда табуу максатында сатууга арналган.