8-мартта команда Хорватияда өткөн Poreč Classic бир күндүк жарышка старт берди.
Жарыштын узундугу 141,6 км жана бийиктикке көтөрүлүү 1362 метрди түздү. Анда 161 спортчу катышты.
Команданын катышуучуларынын арасында эң жакшы жыйынтыкты Илья Савекин көрсөтүп, 23-орунду ээлеп алды.
Кыргызстан Велоспорт Федерациясынын маалыматына ылайык, жарышка катышкан спортчулардын бири кырсыка учурап, бирок ага карабастан, жарышты улантып, 128-орунду алды.
12-15-мартта Кыргызстандык велокоманда Хорватияда өткөн Istrian Spring Race көп күндүк жарышка катышат.
Бул публикацияны Instagramда көрүү
Публикация Kyrgyzstan Cycling Federation (@velosportkg) тарабынан