
Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, фестиваль мурдагы «Ганси» аскер базасынын аймагында өтөт.
Уюштуруучулардын сүрөтү
«Xtreme fest — Кыргызстандагы эң маанилүү авто спорт иш-чараларынын бири, ал оффроад, эндуро жана кызыктуу жарыштарды камтыйт. Программада джип-спринт (стандарт, спорт жана абсолют категорияларында), эндуро, RC offroad жарыштары, оффроад-такси, ошондой эле көрүүчүлөр үчүн интерактивдүү иш-чаралар жана конкурстар пландаштырылган. Фудкорт жана музыкалык коштоолор иштейт. Жарышка катышуучулар үчүн 200 литр АИ-95 күйүүчү майы сыйлык катары берилет. Фестивалда көп сандаган көрүүчүлөр жана катышуучулар болот деп күтүлүүдө», — деп белгилешти уюштуруучулар.