
61 килограмм салмак категориясында кыргызстандык эркин күрөшчү Омурбек Асан уулу россиялык Чермен Тавитовду 8:7 эсебинде жеңди.
Түз эфирден алынган сүрөт. Омурбек Асан уулу Чермен Тавитовду жеңди
Турнирдин башка беттештеринде Абдымалик Карачов Осман Султановду жеңсе, Кадыр Кенешов Гасан Гасановго, ал эми Нурсадык Нурдинов Арип Абдулаевге (бардык күрөшчүлөр Россиядан) жеңилип калды.
Эскертүү керек, PWL турниринын алкагында 24 беттеш өткөрүү пландалууда, жана көрүүчүлөрдү Сезим Жуманазарова менен Акжол Махмудовдун чыгышы күтүп турат.