
Бүгүн Ташкентте, Өзбекстанда, PWL Лигасынын жаңы турнири өтүп жатат. Түз трансляцияны wrestlingtv.ru сайтынан көрүүгө болот.
59 килограмм салмак категориясында кыргызстандык Сезим Жуманазарова Өзбекстандан келген Лайлохон Собированы 9:3 эсебинде жеңди.
Турнирдин алкагында Абдымалик Карачов Осман Султановду, Омурбек Асан уулу Чермен Тавитовду жеңди, Кадыр Кенешов Гасан Гасановдон жеңилип калды, ал эми Нурсадык Нурдинов Арип Абдулаевге (бардыгы — Россия) утту.
PWL турниринин алкагында 24 беттеш өткөрүү пландалган. Коверге Акжол Махмудов да чыгат.