
Камчыбек Досматов Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин биринчи вице-министри болуп дайындалды, деп билдирет аталган мекеменин маалымат кызматы.
Кол коюлган буйрук өкмөт башчысы Адылбек Касымалиевге таандык.
Эмгек министри Канат Сагынбаев Камчыбек Султанмуратовичти жаңы дайындалышы менен куттуктап, ага ийгилик, натыйжалуу иш жана чың ден соолук каалады.