Эмне сунушталууда?
Сунуштун негизинде, жаңы коммерциялык банктар (чет өлкөлүк банктардын филиалдарын кошкондо) үчүн минималдуу уставдык капитал 5 миллиард сомдон кем болбошу керек.Мурдагы банктар үчүн минималдуу уставдык капиталды жогорулатуу боюнча төмөнкү этаптар каралган:
- 1 миллиард сом – 2026-жылдын 1-июлунан;
- 2 миллиард сом – 2027-жылдын 1-июлунан;
- 3 миллиард сом – 2028-жылдын 1-июлунан;
- 4 миллиард сом – 2029-жылдын 1-июлунан;
- 5 миллиард сом – 2030-жылдын 1-июлунан.
Ошондой эле жобо сунушта 100% добуш берүүчү акцияларды сатып алууга талаптар тууралуу маалымат камтылган.
Эгер жобо бекитилсе, ал 2026-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.
Бул эмне үчүн жасалууда?
Улуттук банк уставдык капитал туруктуу капиталдын бөлүгү болуп, чет өлкөгө чыгарылбай турганын баса белгилейт. Бул сумма Кыргызстандын экономикасында банк жоюлганга чейин калат дегенди билдирет. Уставдык капиталды жогорулатуу финансылык туруктуулукту бекемдөөгө жана жөнгө салуучулардын талаптарына жооп берүүгө багытталган.Капиталды туура башкаруу жеке банктар жана бүт банктар системасы үчүн ишенимдүүлүктүн негизги көрсөткүчү экендигине өзгөчө көңүл бурулат.
Уставдык капиталдын жогорулашынын натыйжасында төмөнкү оң өзгөрүүлөр болушу мүмкүн:
- финансылык туруктуулукту бекемдөө;
- кредит портфелин жана активдерди кеңейтүү;
- жаңы инвестицияларды тартуу жана катышуу үлүшүн жогорулатуу;
- банктын операцияларынын натыйжалуулугун жана ишенимдүүлүгүн сактоо;
- потенциалдуу контрагенттер жана банктар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.