Жобого ылайык, ар түрдүү алкогольдук ичимдиктерге акциз салыгынын ставкалары 2026-жылдан 2029-жылга чейин акырындык менен жогорулайт, ошондой эле балдар үчүн таттуу ичимдиктерге акцизден бошотуу жоюлат.
Сунушталган өзгөртүүлөр төмөнкүдөй:
- Спирт, арак жана ликерлик ичимдиктер, күчтүү ичимдиктер, бальзамдар жана күчтүү ширелер: ставка 2025-жылы 1 литр үчүн 160 сомдон 2026-жылы 200 сомго чейин (40 сомго жогорулаган). Кийинки жылдарда ставка жыл сайын 20 сомго жогорулап, 2029-жылы 260 сомду түзөт.
- Вино: 2025-жылы 1 литр үчүн 20 сомдон 2026-жылы 25 сомго чейин (5 сомго жогорулаган), андан ары ставка жыл сайын 5 сомго жогорулап, 2029-жылы 40 сомго жетет.
- Шампан жана газдалган винолор: ставка 2025-жылы 1 литр үчүн 45 сомдон 2026-жылы 50 сомго чейин жогорулайт, 2028-жылга чейин жыл сайын 5 сомго жогорулап (60 сом), ал эми 2029-жылы 70 сомду түзөт.
- Коньяк (коньяк спиртти эсепке албаганда): 2025-жылы 1 литр үчүн 100 сомдон 2026-жылы 140 сомго чейин (20 сомго жогорулаган). Кийинки жылдарда ставка жыл сайын жогорулап, 2029-жылы 200 сомду түзөт.
- Пиво: 2025-жылы 1 литр үчүн 17 сомдон 2026-жылы 20 сомго, 2027-жылы 25 сомго жана 2028-жылы 30 сомго чейин жогорулайт.
Эскерте кетсек, бул документ мурда талкууланган жана ал ошондой эле жарма жана максым сыяктуу салттуу улуттук ичимдиктерге да тиешелүү болгон.