Поэт Суеркул Тургунбаев (С. Жан)
Поэт С. Тургунбаев Ош облусунун Базар-Курган районундагы Беш-Кадам айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1959-жылы Базар-Курган айылындагы орто мектепти, 1964-жылы КГУнун филология факультетин аяктаган. Эмгек биографиясын 1964-жылы Алай районундагы орто мектепте өзүнүн тили жана адабияты боюнча мугалим болуп баштаган. 1966-жылдан баштап Кыргыз ССРинин ИЯЛ АНында кичи илимий кызматкер болуп иштеген, 1970-1984-жылдары «Кыргызстан маданияты» гезитинин редакциясында бөлүм башчы болуп,