Прозаик, очеркист Владимир Светличный (В. Березин)

admin Кыргызстандын жазуучулары
VK X OK WhatsApp Telegram
Прозаик, очеркист Владимир Светличный (В. Березин) Прозаик, очеркист В. Светличный 1906-жылдын 31-мартында азыркы Липецк облусунун Рязан губерниясына караштуу Полибино айылында дыйкан үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
1924-жылы Березовская орто мектебин аяктаган, 1928-1930-жылдары Москвадагы Тоо академиясынын кечки курстарында окуган.
Эмгек биографиясын 1924-жылы Липецк облусунун Даньков районундагы сабатсыздыкты жоюу инспектору катары баштаган, ошол эле учурда 1928-жылга чейин райондук гезиттин айылдык корреспонденти болуп иштеген.

1928-1930-жылдары Москвадагы курулуштарда иштеген, 1930-1932-жылдары Түштүк Казахстандагы мунай өндүрүүчү жайларда буровой устат катары эмгектенген.
1939-жылдан тартып В. Светличный журналистикада иштеп, Казахстан, Кыргызстан гезиттеринде, Москвадагы союздук радионун редакциясында эмгектенген.
1952-1967-жылдары «Советская Киргизия» гезитинин очеркист, адабият жана искусство бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
Алгачкы китеби 1935-жылы Кызыл-Ордо шаарында басылып чыккан «Ачи-Сай» очерктер жыйнагы. Бир нече очерктер жана аңгемелер жыйнагынын, «Анархайская прелюдия» повестинин (1984-жыл) автору. Ал С. Сасыкбаевдин чыгармаларын орус тилине (авторлук менен) которгон, 1980-жылы «Менин замандаштарым» деген аталышта жарык көргөн.

1947-жылдан КПССтин мүчөсү, 1962-жылдан СССРдин Жазуучулар союзунун мүчөсү.
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиктүү эмгеги үчүн «За доблестный труд» медалы жана Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

АЙРЫМ БАСМАЛАР

орус тилинде:
Ачи-Сай. —Кызыл-Орда: 1935. —56 б.
Дорога в пустыню: Очерки. —Ф.: Киргизгосиздат, 1960. —215 б.
Трава деревей: Очерки и рассказы. — Ф.: Кыргызстан, 1965. — 154 б.
Под пастушьей звездой: Были чабанского края. — Ф.: Кыргызстан,1981. —208 б.
Анархайская прелюдия: Повесть. —Ф.: Мектеп, 1984. —81 б.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

Бекбоев Исак (1930)

Бекбоев Исак (1930)

Бекбоев Исак (1930), педагогика боюнча илимдердин доктору (1994), профессор (1983), Кыргыз...

Байзаков Усенбек (1930)

Байзаков Усенбек (1930)

Байзаков Усенбек (1930), медицина илимдеринин доктору (1988), профессор (1989). Кыргыз. Арал...

Уитц Бела

Уитц Бела

Уитц Бела (1887-1972) Монументалист. Улуу Венгриялык сүрөтчү. 1936-1937-жылдары Кыргызстанда...

Поэт Ясыр Шиваза

Поэт Ясыр Шиваза

Поэт Я. Шиваза 18.05.1906—18.06.1988-ж.ж. азыркы Москов районунун Александровка айылында,...

Нурбеков Кубаныч

Нурбеков Кубаныч

Нурбеков Кубаныч (1928-1985), юридикалык илимдердин доктору (1968), профессор (1970) Кыргыз....

Ким Валерий Аркадьевич

Ким Валерий Аркадьевич

Ким Валерий Аркадьевич Сүрөтчү. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген маданият кызматкери....

Комментарий жазуу: