Бир күндүк поп-ап экспозиция «Приём-Приём»
Бир күндүк Pop-up экспозиция «Приём-Приём»
22-декабрда саат 17:00
Боконбаева 191
Телефон: 0555 214 949 | 0700 915 935
Кирүү акысыз!
Быйыл сентябрдан тарта «Лаборатория СИ» искусство уюму Советтер Союзунун Кыргызстанындагы искусствосунун тарыхы боюнча факультатив өткөрдү. Бул долбоордун алкагында катышуучуларга искусствону дүйнөлүк контекстте гана эмес, региондун саясий жана тарыхый кырдаалын да изилдөөгө мүмкүнчүлүк берилди. Бул 1917-1990-жылдар аралыгында бул процесстердин искусстводогу рефлексиянын бөлүгү болуп калышына анализ жүргүзүү аракетин билдирет.
Pop-up экспозиция программадагы иш материалдарынан түзүлгөн — жазуулар, тайм-лайндар, жарым кылымдык тарыхты камтыган, ошондой эле өткөн материалга болгон рефлексиялардан.
Тексттердин өзгөчөлүгү жана алардын саясий жүктөлүшү, ошондой эле ошол доордун тили материалды кабыл алуу жана бүгүнкү күндө анын интерпретациясына таасир этти. Ридинг-семинарлар, талкуулар жана лекциялар аркылуу биз 70 жылдан ашык убакыт бою болгон процесстерди кабыл алуу жана жалпы тилди өнүктүрдүк.
Ошондой эле художниктер союзунун түзүлүшү жана иштеши, Союз тарабынан маданий саясатты жүргүзүү процессин, ошондой эле СССРдеги художницалар менен художниктердин тажрыйба алмашуусун байкоо кызыктуу болду.