
"Евразийцы – новая волна" маданий-тарыхый коомунун фонду жыл сайын өткөрүлүүчү "Честность. Мужество. Профессионализм. 2014" медиа конкурсуна конкурс иштерин кабыл алууну баштады. Бул конкурстун жыйынтыгы боюнча берилүүчү сыйлык 2009-жылы ага жасалган кол салуудан улам каза болгон белгилүү кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун элесине арналып жатат.
"Евразийцы – новая волна" фондунын президенти Юрий Ануфриевдин эскертүүсүнө караганда, бул жылдык сыйлык 2011-жылы республикадагы телевидение, радиожурналистика жана басма сөз тармагында иштеген журналисттердин кесиптик өсүшүн колдоо үчүн негизделген. Ошондой эле, Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасындагы экономикалык, социалдык-саясий, илимий-билим берүү жана тарыхый-мәдени байланыштарды бекемдөө жана өнүктүрүү маселелерине медиа кызматкерлеринин кызыгуусун жандандырууну максат кылат.
"Бул сыйлык төртүнчү жолу берилет. Сыйлык тапшыруу, мурдагы учурлардагыдай, өткөн жылдын аягында же жаңы жылдын башында өтөт. Евразия экономикалык бирлигинин түзүлүшү евразиялык интеграцияга жаңы динамика берет, мындай шарттарда бул конкурс дагы да актуалдуу болуп жатат", - дейт Ануфриев.