
Поэт, прозаик М. Алиев 1932-жылдын 14-июлунда Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкорка айылында кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
1950-жылы Кочкорка айылындагы Калинин атындагы орто мектепти, 1958-жылы — КГМИнин санитардык-гигиеналык факультетин аяктаган.
Эмгек биографиясын 1950-жылы Кочкор райондук сотунун канцелярия кызматкери болуп баштаган, андан кийин райондук китепкананын китепкери болуп иштеген.
1958-жылы Нарын шаарындагы Тянь-Шань облустук санитардык-эпидемиологиялык станциясына эпидемиолог дарыгер катары жөнөтүлгөн, 1960-жылы Кочкор райондук ооруканасына бактериолог дарыгер болуп которулган. Ошол жылы аны «Ден соолук» медициналык журналынын жооптуу катчысы кылып дайындашкан.
1969-жылдан баштап КСЭде химия, биология жана медицина редакциясынын жетекчиси болуп иштесе, 1970-жылдан бери «Ден соолук» журналынын башкы редактору болуп келет.
М. Алиевдин чыгармачылык жолу 1952-жылга таандык. Алгачкы китеби — «Айнектеги жазуу» («Надпись на стекле») аттуу повесттер жыйнагы 1963-жылы жарык көргөн. Ал ошондой эле бир нече поэзия жыйнактарынын автору. Жазуучунун чыгармалары өзбек тилине которулуп, басылып чыккан. Ошондой эле анын калемине Н. Амосовдун «Мысли и сердце» китебин кыргыз тилине, С. Ахундовдун жана корей жазуучусу Ким Ден Шенин чыгармаларын которуу да таандык.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген медицина кызматкери (1982-ж.), СССРдин саламаттык сактоо отличниги (1973-ж.).
1967-жылдан бери КПССтин мүчөсү, 1983-жылдан бери СССРдин СП мүчөсү, 1962-жылдан бери СССРдин СЖ мүчөсү.
Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Грамотасы менен сыйланган.
АЙРЫМ ЖАРЫЯЛАР
Кыргыз тилинде
Айнектеги жазуу: Ацгемелер. — Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1963.— 80 б. Надпись на стекле.
Одум женилди: Ангемелер. — Ф.: Мектеп, 1965. — 76 б. Смерть побеждена.
Менин атам — коммунист: Ырлар жана поэмалар. — Ф.: Мектеп, 1967, —60 б. Мой отец — коммунист.
Турмуш жолу: Ырлар. — Ф.: Кыргызстан, 1967. — 50 б. Путь жизни.
Ак куюн: Ырлар, сатиралар, поэмалар. — Ф.: Кыргызстан, 1970.— 59 б. Целый вихрь.
Кулку болгон тулку: Ырлар. — Ф.: Мектеп, 1974.— 14 б. Высмеянная лиса.
Кыял чабыты: Ырлар жана поэмалар. — Ф.: Мектеп, 1977. — 107 б. Излет мечты.
Ишеним: Ырлар. — Ф.: Кыргызстан, 1982.— 120 б. Пера.
Айыл аталарды кутот: Ангемелер, мыскыл жана тамсилдер. — Ф.: Мектеп, 1986.— 140 б. Село ожидает отцов.
СССР элдеринин тилдеринде
Два волшебника: Сказка. — Ташкент: Еш гвардия, 1978. — 228 с.—узб.
Котормолор
Амосов Н. Мысли и сердце: Повесть. —Ф.: Кыргызстан, 1978.— 352 с.