10-февралда курулуш министри Нурдан Орунтаев, Ош шаарынын мэри Женишбек Токторбаев жана тиешелүү департаменттердин өкүлдөрү менен биргеликте Ош шаарындагы социалдык объектилердин долбоорлору жана келечектеги мектептер үчүн жер тилкелерин карап чыкты.
Пландалган объектилердин арасында:
- С. Алымкулов атындагы №33 орто мектептин жанында 375 орунга ылайыкталган кошумча окуу корпусу, дареги: Озгур айылы, Конур-Жаз көчөсү, №3.
- Ж.Боконбаев атындагы мектептин аймагында 750 орунга ылайыкталган окуу корпусу, дареги: МТУ Курманжан Датка, Н.Исанов көчөсү №27а/1.
- Салижан Жигитов атындагы №2 мектептин базасында 1000 орунга ылайыкталган мектеп (Карл Маркс), дареги: МТУ Курманжан Датка, Ташкент көчөсү 50.
- М.Ломоносов атындагы №3 орто мектептин жанында 750 орунга ылайыкталган билим берүү мекемеси, дареги: МТУ Сулайман-Тоо, Курманжан Датка көчөсү 97.
- Ак-Буура-2 турак жай массивинде, 10 көчөсүндө 26-участокто 700 орунга ылайыкталган жаңы мектеп.
- Ишкаван айылында 700 орунга ылайыкталган окуу корпусу, Кызыл-Кыштак айылдык аймагы.
- Кызыл-Кыштак айылдык аймагында курулуш үчүн бөлүнгөн участокто 500 орунга ылайыкталган мектеп, дареги: Сары-Зоо участогу, 2-көчө №20к.
- Б.Алыкулов атындагы №38 орто мектептин аймагында, У.Салиев көчөсүндө жайгашкан кошумча корпус.
- Кызыл-Кыштак айылдык аймагында Эне-Сай жаңы турак жай массивинде 1200 орунга ылайыкталган жаңы мектеп.
- Кызыл-Кыштак айылдык аймагында Суроттуу-Таш айылында жайгашкан участокто 500 орунга ылайыкталган билим берүү мекемеси, дареги: Х.Хабибуллина 2.
Министр Орунтаев курулуш участокторун жана долбоордук документацияны карап чыгып, андан кийин департамент жетекчилерине көрсөтмөлөр берди.
Курулуш министрлиги Ош шаарындагы мектептердин учурдагы долбоордук сыйымдуулугунан ашып кеткен окуучулардын санына байланыштуу, 10 жаңы билим берүү мекемесинин долбоордук-сметалык документациясы бекитилип, курулушу башталганын белгиледи.