Эң маанилүү жаңылыктардын бири республикалык жана эл аралык деңгээлдеги олимпиадаларга онлайн даярдыкты баштоо болот. Бул негизги предметтер боюнча тереңдетилген сабактарды, жеке консультацияларды, машыгуу сессияларын жана тапшырмаларды талдоону камтыйт. Министрлик мындай мамиле алыстагы аймактардагы таланттуу балдардын мүмкүнчүлүктөрүн теңдештирүүгө жардам берет деп белгилейт, анткени олимпиадалык тренерлер көбүнчө ири шаарларда топтолгон.
Экинчи жаңы багыт кыргыз, орус жана чет тилдери боюнча онлайн-курстарды камтыйт, бул окуучуларды даярдык деңгээли боюнча бөлүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары, белгилүү предметтер боюнча мугалимдер жетишпеген мектептердин окуучулары «Тунгучта» башка мектепке которбостон окуй алышат. Бул предметтер боюнча баалар автоматтык түрдө «Күндөлүк» системасына өткөрүлөт.
Ошондой эле онлайн-мектепке билим берүү моделин өз алдынча аныктоо укугу берилет, бул учурда туруктуу өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы жок. Сабактардын форматы такталат: синхрондук сабактар 45 мүнөткө созулат, асинхрондук сабактар болсо, окуучуларга материалды өзүнө ыңгайлуу темпте үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Ушул сунушталган өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен болжол менен 6,5 миллион сом талап кылынат.
Сравнительная таблица:
| Действующая редакция | Предлагаемая редакция | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Онлайн-мектеп «Тунгуч» пилоттук долбоору жөнүндө» 2025-жылдын 19-мартындагы № 136 токтому | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| 4. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигине: 1) онлайн-мектеп «Тунгучтун» иштеши боюнча уюштуруу-укуктук маселелерди чечүү; 2) онлайн-мектеп «Тунгучту» юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүү; 3) онлайн-мектеп «Тунгучка» А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар лицейинин интернатындагы имаратты пайдаланууга берүү; 4) жалпы билим берүү уюмдарында кечки жана сырттан окуу формаларын уюштуруу структурасын оптимизациялоодон улам бошонгон каражаттарды онлайн-мектеп «Тунгучтун» педагогикалык кызматкерлеринин, административдик-экономикалык, окуу-колдоо персоналынын эмгек акысына жумшоо; 5) Кыргыз Республикасынын билим берүү жана эмгек мыйзамдарына ылайык онлайн-мектеп «Тунгучка» педагогикалык кызматкерлерди кабыл алуу; 6) ушул токтомдон келип чыккан башка чараларды кабыл алуу. | 4. Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигине: 1) онлайн-мектеп «Тунгучтун» иштеши боюнча уюштуруу-укуктук маселелерди чечүү; 2) онлайн-мектеп «Тунгучту» юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүү; 3) онлайн-мектеп «Тунгучка» А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар лицейинин интернатындагы бешинчи кабаттагы помещениеларды пайдаланууга берүү; 4) жалпы билим берүү уюмдарында кечки жана сырттан окуу формаларын уюштуруу структурасын оптимизациялоодон улам бошонгон каражаттарды онлайн-мектеп «Тунгучтун» педагогикалык кызматкерлеринин, административдик-экономикалык, окуу-колдоо персоналынын эмгек акысына жумшоо; 5) Кыргыз Республикасынын билим берүү жана эмгек мыйзамдарына ылайык онлайн-мектеп «Тунгучка» педагогикалык кызматкерлерди кабыл алуу; 6) ушул токтомдон келип чыккан башка чараларды кабыл алуу. | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| Онлайн-мектеп «Тунгуч» жөнүндө убактылуу жобо | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| 8. Онлайн-мектептин милдеттери: 1) окуучуларга заманбап санариптик технологияларды колдонуу менен билим берүү программаларын үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн берүү; 2) билим сапатын контролдоо жана окуу жетишкендигин баалоо системасын уюштуруу, тестирлөө, аттестация жана алыстан окуу натыйжаларын мониторинг жүргүзүү; 3) окуучулар жана педагогдор үчүн билим берүү процессинин катышуучулары арасында билим, тажрыйба жана колдоо алмашууга жардам берүүчү онлайн-коомду түзүү; 4) билим берүү программаларын жана долбоорлорун биргелешип иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн башка билим берүү уюмдары жана мамлекеттик структуралар менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү. 12. Онлайн-мектептин директору мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ваканттык кызматтарына конкурс өткөрүү тартибинен чыгып, дайындалат. 37. Онлайн-мектепте окуучуларды класстан класска өткөрүү онлайн-мектептин ички тартиби боюнча, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин жалпы талаптарына ылайык иштелип чыккан. 48. Онлайн-мектептеги онлайн-сабактардын узактыгы окуу электрондук материалдарын өздөштүрүү темпине жараша аныкталат. Онлайн-сабактардын узактыгы окуучулардын жашына, предметке жана билим берүү методикасына жараша өзгөрүлүшү мүмкүн. 49. Жылдык (календардык-тематикалык пландар) жана окуу планы онлайн-мектептин директору тарабынан бекитилет. 50. Онлайн-мектеп билим берүү процессин уюштуруу моделин (предметтик, тьютордук, аралаш жана башка моделдер) өз алдынча аныктап, ишке ашырат, билим берүү контентин иштеп чыгуучулар менен педагогикалык колдоо (тьюторлор) арасында функцияларды бөлүштүрүүнү камтыйт, бул моделди пилоттук долбоорду ишке ашыруу учурунда өзгөртүүгө жана тактоого болот, бул учурда анын максаттары жана милдеттери сакталат. 601. Онлайн-мектеп олимпиадалык резервге даярдоо үчүн предметтер боюнча онлайн-окутууну ишке ашыруу үчүн атайын класстарды, топторду же билим берүү агымдарын түзүү укугуна ээ. 602. Онлайн-мектеп мамлекеттик, расмий жана чет тилдери боюнча онлайн-курстарды ишке ашыруу үчүн даярдык деңгээлин жана окутуунун максатын эске алуу менен өзүнчө класстарды, окуу топторун же билим берүү агымдарын түзүү укугуна ээ. 63. Онлайн-мектеп: 1) онлайн-окутууну уюштуруу үчүн окуучулардын керектүү жабдыктарынын (компьютер, планшет, ноутбук, Интернетке чыгуу, мобилдик байланыш) болушун мониторинг жүргүзөт; 2) билим берүү ишмердүүлүгүн уюштурат (онлайн-мектеп иш режимин белгилеп, окуу планына ылайык ар бир окуу күнү үчүн сабактардын расписаниесин түзөт. Сабактардын расписаниеси класстар боюнча дифференциацияны карайт жана синхрондук сабактын өткөрүү убактысын 45 мүнөткө чейин аныктайт, билим берүү ресурстарын аныктайт, Интернетте иштөөнү камсыз кылат); 3) окуучуларды жана алардын ата-энелерин (укуктуу өкүлдөрүн) билим берүү программаларын ишке ашыруу жөнүндө маалымдайт, анын ичинде сабактардын расписаниеси, предметтер боюнча учурдагы жана аралыктан контролдоо графиги, консультацияларды өткөрүү; 4) окуу предметтеринин иштөө программаларын тууралоону көзөмөлдөйт; 5) аралыктан аттестация өткөрүүнүн формалары жана мөөнөттөрү боюнча окуу планында өзгөртүүлөрдү киргизет, зарылчылык болсо, предметтерге бөлүнгөн сааттардын санын өзгөртөт; 6) билим берүү программаларындагы өзгөртүүлөрдү кабыл алуу боюнча педагогикалык курамдын жыйналыштарын өткөрөт; 7) билим берүү программаларындагы өзгөртүүлөрдү бекитүү боюнча буйруктун долбоорун даярдайт; 8) онлайн-мектептин ишмердүүлүгүн, анын ичинде билим берүү процессинин натыйжалуулугун жана коюлган максаттарга жетүүнү анализдейди; 9) ата-энелерди (укуктуу өкүлдөрдү) реалдуу убакыт режиминде же онлайн режиминде консультациялайт; 10) колдонуучулар өз суроолоруна жооп ала турган чат-бот, ысык линия системасын ишке ашырат; 11) билим берүү ишмердүүлүгүнө катышкан окуучулардын санын күн сайын чогултат; 12) билим берүүнүн сапатын жана иштин натыйжалуулугун жакшыртуу үчүн зарыл болгон башкаруучулук чечимдерди убагында кабыл алат. 81. Онлайн-мектептин каржылык чыгымдарын каржылоону Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин тиешелүү жылдардагы каражаттарынын чегинде, жалпы билим берүү уюмдарында кечки жана сырттан окуу формаларын уюштуруу структурасын оптимизациялоодон улам бошонгон каражаттардын негизинде жүргүзөт. | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| «Тунгуч» онлайн-мектебинин административдик-экономикалык жана окуу-колдоо персоналынын ШТАТТЫК ЧЫГЫМДАРЫ | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||