Бул көрсөткүч саламаттыкка зыяндуу атмосфераны көрсөтөт.
Бишкектин эң көп булганган үч району:
1. Мадиев көчөсү - 350
2. Нагорье - 105
3. Байтик айылы - 22
Башкы булгануу булагы PM2.5. болуп саналат.
| Аба сапатынын индекс AQI | Булгануу деңгээли | |
| 0—50 | жакшы | Аба сапаты кабыл алынуучу, булгануу минималдуу жана норманын чегинде |
| 51—100 | канааттандырарлык | Аба сапаты нормалдуу, бирок кээ бир булгануучу заттар сезгич адамдар үчүн зыяндуу болушу мүмкүн |
| 101—150 | сезгич топтор үчүн зыяндуу | Сезгич адамдардын ден соолугуна терс таасир этиши мүмкүн; калган адамдарга байкалаарлык таасир этпейт |
| 151—200 | зыяндуу | Бардыгы ден соолукка терс таасирлерди сезиши мүмкүн, айрыкча сезгич адамдар |
| 201—300 | абдан зыяндуу | Ден соолукка коркунучтуу; бардык калкка таасир этет |
| 300+ | коркунучтуу | Ден соолукка олуттуу коркунуч туудурат; бардыгы олуттуу кесепеттерге дуушар болушу мүмкүн |
PM2.5 диаметри 2,5 микрондон кичинекей катуу бөлүкчөлөрдү билдирет. Алардын өлчөмү адамдын чачынан 30 эсе кичине. Бул бөлүкчөлөргө чаң, күкүрт, кокс, ошондой эле абадагы сульфаттар жана нитраттар кирет. Алар чоң шаарларга мүнөздүү аба сапатынын начарлашына себепкер болот.
31 январь боюнча маалыматтарга ылайык, Бишкек экинчи орунду ээлейт дүйнөлүк шаарлардын аба булгануу деңгээли боюнча 17:00дө.
• Аба булгануусунан коргонуу боюнча сунуштар:
- булганган абанын киришин алдын алуу үчүн терезелерди жабыңыз;
- маска кийип жүрүңүз;
- көчөдө физикалык активдүүлүктү чектеңиз;
- аба тазалагычтарды колдонуңуз.