
Сүрөт Томск облусунун администрациясы тарабынан берилген
Делегациянын курамына мамлекеттик кызматкерлер, ошондой эле айыл чарба, суу тазалоо, металл конструкцияларын өндүрүү жана машина куруу сыяктуу тармактарда иш алып барган компаниялар жана уюмдардын өкүлдөрү кирет. Делегациянын катышуучуларынын арасында «Ильма», «Аквелит», «Ватерком», «Луквис», ТПК «Сава», «Сибзерно», «Органикагро» жана «Көк бак» айыл чарба кооперативи бар.
«Визит Ысык-Көл облусунун жетекчилиги, ошондой эле суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин, айыл чарба ассоциацияларынын жана изилдөө институттарынын өкүлдөрү менен жолугушууларды камтыйт. Мындан тышкары, компаниялар үчүн профилине ылайык индивидуалдуу жолугушуулар жана экскурсиялар уюштурулат», — деп кошумчалашты администрациядан.