
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы акча которуулар үчүн комиссияларга убактылуу чектөөлөр киргизилгени тууралуу билдирди.
КР Улуттук банкынын башкармалыгы тарабынан 2025-жылдын 3-декабрында кабыл алынган 2025-П-12/64-5-(ПС) номерлүү токтомуна ылайык, коммерциялык банктарга жана төлөм уюмдарына төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- өлкө ичинде мобилдик тиркемелер жана интернет-банкинг аркылуу улуттук валютада которуулар үчүн жарандардан комиссия алуу;
- ошондой эле, өлкө ичинде эсептер ачылбаган учурда эл аралык акча которууларды алгандардан комиссия алуу.
Бул чектөөлөр 2026-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет жана 2026-жылдын 31-декабрына чейин актуалдуу болот.