
Бул токтомго ылайык, 2026-жыл ичинде коммерциялык банктар жана төлөм системалары мобилдик тиркемелер жана интернет-банкинг аркылуу улуттук валютада акча которуу кызматтарын пайдаланган кардарлардан комиссия алууга укугу жок. Бул чечимдин негизги максаты — жарандар үчүн санариптик финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана накталай эмес эсептешүүлөрдү өнүктүрүү.
Мындан тышкары, ошол эле токтомдо 2026-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин Кыргызстан территориясында эсеп ачпай эле жүргүзүлгөн эл аралык системалар боюнча которууларды кабыл алгандардан комиссия алууга тыюу салынганы көрсөтүлгөн. Бул, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана калк үчүн акча которууларды жеткиликтүү кылуу максатын көздөйт.
Токтомдун тексти Улуттук банктын расмий сайтында төмөнкү даректе жеткиликтүү: www.nbkr.kg / Банк жөнүндө / Банковдук мыйзамдар / Улуттук банктын Башкармалыгынын токтомдору.