
2026-жылдын 12-февралынан тартып Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы Кыргызстандын сегиз ишканасынын тизмесин бекитти, аларга өз продукцияларын экспорттоого уруксат берилди.
Бул чечим Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат тарабынан жүргүзүлгөн кылдат иштердин натыйжасы болуп саналат.
Кытайга жеткирүүгө уруксат берилген компаниялардын тизмесине: ОсОО "Ат Башы Трейд", ОсОО "Алия", ОсОО "Гермес Ко ЛТД", ОсОО "Жол-Аман", ОсОО "Таалай Групп", ОсОО "Wool KG", ОсОО "Опэн Трейд" жана ОсОО "Торугарт Трейд" кирет.
Бул ишканалар ири мүйүздүү малдын терисин жана кичи мүйүздүү малдын жүнүн кайра иштетүү менен алектенишет. Бул уруксатты алуу кыргыз өндүрүүчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, экспорттук жеткирүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүүгө жана Кытай менен экономикалык байланыштарды бекемдөөгө мүмкүндүк берет.
Ветеринардык кызмат Кытай рыногуна кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон отандык компаниялардын тизмесин кеңейтүү боюнча активдүү иштерин улантууда, ошондой эле Кытайга экспорттоого уруксат берилген продукциянын тизмесин көбөйтүп жатат.