Жаңы эрежелерге ылайык, салык милдеттенмеси үч негизги датадан биринин негизинде пайда болот:
- счет-фактурада көрсөтүлгөн жеткирүү датасы;
- контрольно-кассовый чекти каттоо датасы;
- төлем алынган дата.
Эскерте кетүүчү нерсе, эгерде ишкер аванс алса, бул төлөм салык салынуучу базага отчеттук мезгилде киргизилет, албетте, каражаттар фактически келип түшкөн учурда, товарлар дагы жиберилбесе же кызматтар көрсөтүлбөсө да.
МСК ошондой эле сатуудан алынуучу салык үчүн салык салынуучу объект товарларды, иштерди же кызматтарды акча жана акчалай эмес ыкмалар менен төлөнгөндө сатуу болуп эсептелинерин эске салды. Ошентип, алдын ала төлөм отчеттуулукка анын келип түшкөн учурунда чагылдырылышы керек.
Натыйжада, бирдиктүү салык жана сатуудан алынуучу салык боюнча отчетторду түзүүдө, салык төлөчүлөр отчеттук мезгилдеги бардык түшүүлөрдү, анын ичинде аванс төлөмдөрүн, кирешенин көлөмү көрсөтүлгөн тиешелүү саптарда жыйноосу керек.
Ведомстводо салык төлөчүлөрдү 2026-жыл үчүн отчеттуулукту даярдоодо ушул жаңы талаптарды эске алууга чакырышты.