
Парламент мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды
Кыргызстан менен Евразия өнүктүрүү банк ортосундагы «Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу» долбоорун ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорунун экинчи окуусу Жогорку Кеңеште ийгиликтүү өттү.
Бул долбоордун алкагында Ош шаарында узундугу 3,2 чакырымдык жол тилкесин реконструкциялоо жана эки эстакадалык көпүрөнүн курулушу пландалууда.
Долбоордун жалпы баасы болжол менен 19,3 миллион АКШ долларын түзөт. Каржылоонун бөлүштүрүлүшү төмөнкүдөй:
— болжол менен 14–14,5 миллион доллар — Евразия өнүктүрүү банкынан алынган насыя;
— болжол менен 1,2 миллион доллар — гранттык каражаттар;
— болжол менен 3,9 миллион доллар — Кыргызстандын бюджеттик ассигнованиялары.
Насыя жагымдуу шарттарда берилет: 15 жылдык мөөнөт менен 5 жылдык жеңилдик мезгили жана жылдык 1,2% чен менен.
Сүрөт www