
Мамлекет бул кредиттерди субсидиялайт
Мамлекеттик бизнести колдоо программасынын алкагында, Каржы министрлигинин алдындагы «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» ачык акционердик коомунун микрокредиттик компаниясы жеңилдетилген кредит берүү программасын баштады, ал кичи жана орто бизнес үчүн 6% жылдык үстөк менен кредиттерди сунуштайт. Фонддун башкармалыгынын орун басары Адилет Камчыбеков бул тууралуу Биринчи Радиодо билдирди.
Каржылык жардам өндүрүш, кайра иштетүү, экспорт, маалымат технологиялары жана инновациялар сыяктуу тармактарда иш алып барган ишкерлерге арналган. Ошондой эле кредиттер туризм, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарында кызмат көрсөтүү үчүн колдонулушу мүмкүн. Мындан тышкары, каражаттарды иштеп жаткан бизнесин кеңейтүү, модернизациялоо же өндүрүштүк кубаттуулуктарын көбөйтүү максатында кыймылсыз мүлк сатып алууга жумшоого болот.
Сүрөт www