Күн электр станцияларын куруу боюнча 300 миллион долларлык меморандумга кол коюлду
Кыргызстанда Улуттук инвестиция агенттиги жана Electron Holding күн энергия станцияларын куруу боюнча 300 мегаваттка чейин жалпы кубаттуулукка ээ кызматташуу келишимин түзүштү. Жалпы инвестициянын көлөмү $300 миллионду түзөт, деп билдирет агенттиктин пресс-релизинде. Маалыматка ылайык, иш-чара Будапештте Венгрия-Кыргыз бизнес форумунун алкагында өттү. Иш-чаранын катышуучулары экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, энергетика, айыл чарба, туризм, IT жана башка маанилүү тармактарга инвестиция