Спорт мектеби Ак-Суу өз имаратына ээ болду — аны 2,8 млн сомго оңдоп-түзөтүштү
Ак-Суй районунда, Ак-Суу айылында, жаңы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин имаратынын ачылышына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Turmush агенттигинин кабарчысына аталган мектептин директору Аскарбек Аляскаров билдирди. Анын маалыматына караганда, бул убакка чейин мекеменин өзүнө тиешелүү имараты болгон эмес.