
Мындан тышкары, шайлоо өнөктүгү учурунда агитаторлордун иши патент негизинде салыкка тартылбайт.
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тарифтери жөнүндө» мыйзамына ылайык, агитаторлордун, байкоочулардын жана ишенимдүү адамдардын алган кирешелери мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнөн бошотулат.
ГНС аталган кирешелерди салыкка тартууда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилейт.