
Кеңешүүлөрдүн жүрүшүндө эки тарап өлкөнүн балык чарбасына түзүлүп жаткан борбордун маанилүүлүгүн белгилешти. Жобо ишке ашыруунун акыркы этабында турат. Департаменттин директору тармак үчүн маанилүү болгон бул долбоорго кошкон салымы үчүн кореялык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле Улуттук борбордун расмий ачылышынын мөөнөттөрү макулдашылды, ал 2026-жылдын экинчи кварталына белгиленген.