
Ысык-Ата районунда жашаган Ч.Ж. аттуу жарандын үйүндө жана анын унаасында жүргүзүлгөн тинтүү учурунда 800дөн ашык жасалма документтер жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелеринин 10 мөрөсү табылып, алынды.
Ч.Ж. кармалып, Бишкек шаарынын ГУВДсынын убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Учурда бул кылмыш схемасына катышкан башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө улантылууда. Бул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 379-беренеси (Документтерди жасалмалоо) боюнча кылмыш иши козголгон жана зарыл экспертизалар дайындалган.