
Бишкек шаарынын мэриясы социалдык тармактарда борбордун мэри Айбек Джунушалиевди көрсөтүп жаткан адамдын сүрөтү колдонулган материалдардын таралышына жооп катары билдирүү чыгарды:
Бишкек шаарынын мэриясы, материалдарда көрсөтүлгөн адамдын мэрлик кызматка эч кандай тиешеси жок экенин баса белгилейт. Мындай билдирүүлөр жарандардын жеке маалыматтарын жана каражаттарын мыйзамсыз алуу үчүн багытталган алдамчы схемалардын бир бөлүгү болушу мүмкүн.
Шаардыктар, сак болуңуздар! Шектүү жарыяларга жана социалдык тармактардагы жарнамалык материалдарга ишенбеңиздер, шектүү шилтемелерге өтүүдөн качыңыздар, жеке жана банктык маалыматтарыңызды бербеңиздер, ошондой эле маалыматты мамлекеттик бийлик органдарынын расмий булактары жана мамлекеттик байланыш каналдары аркылуу гана текшериңиздер.