Бул маалымат райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү тарабынан айтылды.
Иш-чаранын алкагында ар түрдүү категорияларда «Жылдын мыктысы» тандалды, анын ичинде мекемелер, уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кенеш депутаттары, мугалимдер, бала бакча кызматкерлери, спортчулар жана социалдык-экономикалык өнүгүүгө чоң салым кошкон активдүү жарандар.
Аким Илияз Ташкулов өз сөзүндө жыл ичинде жетишкендиктер тууралуу айтып, ийгиликтер жарандардын тынымсыз эмгеги жана берилгендигинин натыйжасы болгонун белгиледи.
Расмий бөлүк аяктаган соң катышуучуларга ыраазычылык каттары тапшырылды, ошондой эле концерттик программа уюштурулду.
«Мыкты» категориясындагы сыйлыктар:
- «Жылдын мыкты мекемеси» — Сокулук районунун архитектура жана курулуш башкармалыгы.
- «Жылдын мыкты жетекчиси» — Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн начальниги Сатарбаева Турум Сатарбаевна.
- «Жылдын мыкты жетекчиси» — Төмөнкү-Чүй айыл өкмөтүнүн төрагасы Байысбек уулу Бекбий.
- «Жылдын мыкты айыл өкмөтү» — Сокулук айыл өкмөтү.
- «Жылдын мыкты муниципалдык уюму» — Манас айыл өкмөтүнүн «Таза айыл үчүн» муниципалдык ишканасы.
- «Жылдын мыкты компаниясы» — ОсОО «Тянь-Шань Керамик».
- «Жылдын мыкты ишкер» — ОсОО «Алихан Компани» жетекчиси Орозбаев Таалайбек.
- «Жылдын мыкты компаниясы» — ОсОО «Глассленд компани», менеджер Алимов Бакытбек Сатыбалдиевич.
- «Жылдын мыкты асыл тукум чарбасы» — «Самак» чарбасы, башкаруучу Молдокулов Сыдыкбек Асанканович.
- «Жылдын мыкты уруктук чарбасы» — «Кыргыз Дыйканчылык илимий-өндүрүштүк бирикмеси» мамлекеттик ишканасы, директору Есеналиев Кубанычбек Дженишбекович.
- «Жылдын мыкты айыл чарба кооперативи» — «КАССЕЛЬ» кооперативи, төрагасы Кулматов Тынарбек Макишович.
- «Жылдын мыкты кайра иштетүүчү ишканасы» — ОсОО «Татымал групп», директору Марасулов Бекназар Саалиевич.
- «Жылдын мыкты фермери» — ООО «ЭкоТерр», башкаруучу Закиров Арсен Исламалиевич.
- «Жылдын мыкты агрегатору» — «Агро Индустрия», директору Джолдошбеков Айдар Кабылбекович.
- «Жылдын мыкты өнөктөшү» — «Айыл банк», Сапаров Дамирбек Дуйшенебекович.
- «Жылдын мыкты өнөктөшү» — «Элдик банк», Керимкулов Айбек Карыпкулович.
- «Жылдын мыкты доктуру» — Сокулук районунун жалпы практикалык борборунун үй-бүлөлүк доктуру Асылбекова Чинара Элмирбековна, калктын ден соолугуна кошкон салымы үчүн белгиленди.
- «Жылдын мыкты доктуру» — ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча аймак аралык борбордун санитардык доктуру Ранат уулу Мирбек.
- «Жылдын мыкты мугалими» — Төш-Булак айылындагы Кулданов атындагы орто мектепте кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалим Бодошева Нургуль Шаршенбековна.
- «Жылдын мыкты тарбиячысы» — Фрунзе айылындагы «Күн» бала бакчасынын тарбиячысы Сарыбаева Динара Тургумбаевна.
Спортто жетишкендиктери үчүн белгиленген спортчулар:
- Орозали уулу Байсалбек — Японияда өткөн Сурдлимпийдик оюндарда дзюдодон коло медаль уткан — мыкты спортчу.
- Чолпонбаев Нургазы Жаныбекович — Кыргызстандын футбол боюнча Премьер-лигасы жана улуттук лигасынын судьясы.
- Тойгонбаев Камаль Мухамедович — бокс боюнча машыктыруучу (мыкты машыктыруучу).
- Молдокулов Темир Антонбекович — улуттук «көк бөрү» оюнунун мыкты оюнчусу (мыкты спортчу).
- «Асылбаш» футбол командасы — Чүй облусунун Регионалдык лигасында чемпион (1-орун) — мыкты футбол командасы.
- Акматбеков Айбек Эсенбекович — бокс боюнча Кыргызстандын күмүш медаль уткан (мыкты спортчу).
- Дурусбек Ашимов — улуттук «тогуз коргоол» оюнунун машыктыруучусу (мыкты машыктыруучу).