Актуалдуу маселелерди талкуулап жатып, тараптар Бишкекте 2026-жылдын 4-5-февралында өткөрүлө турган «В5+1» форумунун уюштурулушун да козгошту. Иш-чаранын маанилүүлүгү регионалдык диалогду бекемдөө жана Борбордук Азия менен АКШнын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү контекстинде белгиленди.
Элчи Л. Вигери жооп катары жаңы талаптар Кыргызстанга каршы багытталбаганын жана АКШнын визалык мыйзамдарын сактоо менен иштелип чыккан жалпы миграциялык саясаттын бир бөлүгү экенин билдирди.
Жыйынтыгында тараптар визалык чөйрөдөгү пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн кабыл алынуучу чечимдерди табуу боюнча биргелешкен аракеттерин улантууга макулдашты.