Тамак-аш жана кайра иштетүү товарларынын экспорту 378,1 миллион долларды түзсө, өсүмдүк продукциясынын экспорту 80,7 миллион долларга жеткен.
Сабиз жашылча экспортунун структурасында маанилүү орунду ээлейт. 2025-жылы экспорттолгон сабиздин жалпы көлөмү 8405 тонна болгон.
Негизги импорттоочу өлкөлөр:
- Россия — 4 546 тонна;
- Узбекистан — 2 610 тонна;
- Тажикстан — 849 тонна;
- Монголия — 353 тонна;
- Казахстан — 38 тонна;
- Армения — 8 тонна.
2026-жылдын башынан бери 1013 тонна сабиз экспорттолгон, анын 902 тоннасы Россия Федерациясына, 111 тоннасы Казахстан Республикасына жөнөтүлгөн.