Аламедин районунун тургундары коомдук транспорттун маршруттарын ишке киргизүүнү суранышууда
Жогорку Кенештин жыйынында депутат Темирлан Айтиев Чүй облусунун Аламедин районундагы айрым айылдарда коомдук транспорт маршруттары жок экенин билдирди. Ал Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын жер үстүндөгү жана суу транспорту боюнча департаментинин натыйжасыз ишине нааразычылык билдирди.